• Бейшемби 7 Бештин айы 2023
  • Четверг 7 Декабрь 2023

Депутат “Газпромго” 1 долларын кайтарып, “Кыргызгазды” кайра алууну сунуштады

13 апреля 2022 в 16:48 Бишкек Govori.TV

“Газпром” Кыргызстан менен түзүлгөн келишимдин шарттарын аткарбай жатат. Бул тууралуу депутат Айбек Осмонов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал «Кыргызгазды» саткан акчаны «Газпромго» кайтарып берүүнү сунуштаган.

«Биз «Кыргызгазды» 1 долларга сатканбыз. Алар республика боюнча газ түтүктөрүн курууга убада беришти. Бирок алар келишимдин шарттарын аткарышкан эмес. «Газпромго» акчаны кайтарып, биздин компанияны алышыбыз керек. Он жылдан бери айылдарда газ жок, баасы да кошуналардыкынан кымбат. Кантип бизге ушундай мамиле кыла аласың?» — деди эл депутаты.

Эске салсак, 2014-жылдын 10-апрелинде «Кыргызгазды» «Газпромго» сатуу боюнча жыйынтыктоочу келишимге кол коюлган.

Количество просмотров: 2751