• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Садыр Жапаров Айсулуу менен Эрназарды куттуктады

6 Тогуздун айы 2021 11:09 Бишкек Govori.TV

Садыр Жапаров Айсулуу Тыныбекова менен Эрназар Акматалиевди Норвегияда өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатындагы жеңиши менен куттуктады.

Президент соцтармактагы баракчасы аркылуу куттуктоо сөзүн жазды. “Айсулуу, күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында ишенимдүү жеңишиң менен чын дилимден куттуктайм. Буга улай эле азаматыбыз Эрназар Акматалиевдин күмүш байге алышы менен да куттуктайм. Жеңишиңер жалпы кыргыз элине чоң кубаныч тартуулады. Элибиз сүйүнүп, жетине албай турган чагы”, — жеп жазат өлкө башчысы.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү Осло шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова алтын, Эрназар Акматалиев күмүш медалдын ээси болгон.

Количество просмотров: 347