• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Садыр Жапаров Акылбек Жапаров боюнча: «Кара мышыкпы, ак мышыкпы, чычкан алса болду»

27 Бирдин айы 2021 0:44 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров, депутат Акылбек Жапаров боюнча үн катты. Ал социалдык баракчасы аркылуу түшүндүрмө берди.

“Кумтөрдү Акылбек Жапаров текшерет экен. “Карышкырга кой кайтартыпсыңар” деп сындаган билдирүүлөр көп келе баштады.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Кытай реформатору Дэн Сяопин:

«Кара мышыкпы, ак мышыкпы, чычкан алса болду», — деп айткан. Анын сыңарындай, ким текшерсе да айырмасы жок. Кыргызстанга пайдалуу жыйынтык менен келсе болду. Көзөмөл күчтүү болот,” — деп айтты Садыр Жапаров.

Кумтөр алтын кени боюнча Жогорку Кеңеште түзүлгөн комиссиянын төрагасы болуп депутат Акылбек Жапаров дайындалган.

Кендеги ишмердүүлүктү текшерүү үчүн депутаттык комиссия 17-февралда «Республика – Ата Журт» фракциясынын сунушу менен түзүлгөн. Фракция өз сунушун жаратылышты коргоо жана өндүрүштөгү коопсуздукка байланыштуу иштерди, буга чейин кабыл алынган токтомдордун аткарылышын текшерүү зарылчылыгы менен негиздеген.

Количество просмотров: 805