• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Садыр Жапаров ант берүү аземин уюштуруу иштери боюнча үн катты

22 Үчтүн айы 2021 13:52 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын жаңы шайланган Президенти Садыр Жапаров мамлекет башчысынын кызматка киришүү аземин уюштурууга байланыштуу маселелерге комментарий берди. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында жарыяланды.

Төмөндө Садыр Жапаровдун комментарийи:

“Урматтуу кыргызстандыктар!

Октябрь окуяларынан кийин түзүлгөн саясий кырдаалды, өлкөнүн экономикалык, каржылык жана эпидемиологиялык абалын эске алуу менен, мындай кырдаалда өлкөнүн экономикасына оорчулук келтирүүчү иш-чаралардан баш тартууга тийиш экендигибизди белгилей кетүү зарыл деп эсептейм. Элибиз бизди түшүнөт жана колдойт деп ойлойм.

Мамлекет башчысынын кызматка киришүүсүнүн калыптанып калган салттарына, стандарттарына жана жол-жоболоруна ылайык, иш-чаралар планын иштеп чыккан Уюштуруу комитетине ыраазычылык билдирем.

Мен каржылык чоң чыгымдарды талап кылган атайын кортежден, банкет жана башка уюштуруу иш-чараларын өткөрүүдөн баш тартууну чечтим. Президенттин кызматына киришүүдө мыйзам талап кылган милдеттүү жол-жоболорду гана эске алуу менен ишке ашыруу маанилүү.

Мамлекет бүт көңүлүн өлкө каражаттарын элге жана алардын муктаждыктарына колдоо көрсөтүүгө пайдаланууга бурушу зарыл”.

Количество просмотров: 273