• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Садыр Жапаров Ариповду кабыл алды

26 Аяк оона 2022 15:52 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-сентябрда, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргызстан жана Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын биргелешкен жыйынына катышуу үчүн Бишкек шаарына келген Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы жыйындын жыйынтыгы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча укуктук процессти эки өлкөнүн элдеринин кызыкчылыгында тез арада бүтүрүүгө көмөк көрсөтөрүнө ишенимин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана эки тарапты кызыктырган башка тармактарда кызматташууну мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча пикир алмашуу болду.

Тараптар Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарын талкуулап, ошондой эле визит алкагында белгиленген биргелешкен пландарды жана долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту.

Количество просмотров: 81