Президент Садыр Жапаров буга чейин мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин энергетика тармагы боюнча айткандарына “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде жооп берди.
Анда Жапаров Атамбаевди энергетика тармагын “сазга батырган” деп айыптап, 1990-жылдан 2010-жылга чейин Энергетика министрлиги 13,6 миллиард сом же 243 миллион доллар карыз болсо, кийинки он жылда 123 миллиард сомго жеткенин белгилеген.
Ошол маалда “энергетика тармагындагы кризистен улам энергетиктерге маянаны банктардан алынган насыянын эсебинен берип калышкан» деп, Атамбаевдин Токтогул ГЭСти жаңылаганы боюнча айткандарын төгүндөдү.
«Токтогул ГЭСи боюнча айткандары карандай калп. Элге ачык көрүнүп турган жалганды айткандан аздыр-көптүр жамандыр-жакшыдыр 7 жыл эл башкарган киши уялыш керек эле да. Токтогул ГЭСинин 4 агрегатын оңдоо маселеси Аскар Акаевдин мезгилинен бери эле сөз болуп келе жаткан маселе. Анткени, 60-жылдары курулган бойдон бир дагы жолу оңдоо иштери болгон эмес. Элестетиңиздер, 50 жыл бою 24/7 күнү-түнү тынбай иштеп берди. Дагы жакшы, металлдары абдан бышык экен.
Мен бийлик башына келээрим менен бул тармакты колго алдым. Баардык ГЭСтер катастрофалык абалга келип калган экен. Эгер тез арада генераторлорду жаңылабасак баары катастрофа болмок. Азыр баарын жаңылап жатабыз. Эсиңиздерде болсо мен бийлик башына келгенимде министрлер тез-тез эле алмашып кетип жатпадыбы. Себеби, компетенттүү, коркпой-үркпөй радикалдуу реформаларга бара турган министр издеп жүрүп акыр аягы Таалайбек Ибраевди чакырдым. Дароо эскерттим:
«Реформа жасаарда радикалдуу кадамдарга барабыз. Системаны саздан сууруп чыгышыбыз керек. Мейли ким эмне дебесин сени министр кылам. Бирок жеке кызыкчылыкка кирип кетсең, же мурдакылардай жеке кызыкчылыгың үчүн мекемеде система түзүп алсаң анда жооп бересиң» деп. Жыйынтыгы жаман эмес. Иштер тез-тез алдыга жылып, өлкө боюнча жалпысынан 100гө жакын ГЭСтер, бир ири ТЭЦ, күндөн, шамалдан энергия алчу станциялар тездик менен курулуп жатат. Бюрократия жок.
Мына ошентип Токтогул ГЭСтеринин генераторлору 2022-жылы башталып, тактап айтканда:
Генераторлорду жаңылагандан кийин жалпы кубаттуулук мурдагыдан 240 МВтка көбөйдү. Бул өтө чоң кубаттуулук. Энергетиканы түшүнгөн адистер жакшы билишет. 240 МВтты бияка кой 1 МВттык бир ГЭС салып койбогондон кийин сүйлөбөй эле коюш керек болчу. Мен мактангандай болбоюн бирок фактылар менен сандарды айтып коюшум керек. 2022-2025-жылдары 28 ГЭС ишке киргиздик. Жалпы кубаттуулугу 489 МВт.
2026-2027-жылдары 41 ГЭСти ишке киргизебиз. Жалпы кубаттуулугу 452 МВт. 2028-жылы Камбар-Ата 2нин экинчи агрегаты ишке кирсе 120 МВт болот. Кара-Кечеге азыр салынып жаткан ТЭС бүтсө 1200 МВт болот. Ошондон кийин анан кышкы дефицит жабылат деп болжоп атабыз. Ага чейин кышкы мезгилде светти үнөмдөгүлө деген гана чакырыктарды жасап жатабыз. Элди эч качан жарыксыз калтырбайбыз. Бирок үнөмдөсөк өзүбүзгө да жакшы да. Энергетиктерге да жардам болот дегендей.
Датка-Кемин боюнча.
Ооба. Датка-Кемин бизге аба менен суудай керек болчу. Бул долбоор Атамбаевдин демилгеси жана анын эмгеги. Муну танбашыбыз керек. Анткени бул тарых. Бирок эки эсе кымбат курулуп атпайбы. Болжол менен бул долбоордон 90 миллион доллардан ашык сумма уурдалган деп эсептеп чыгышты. Эгер текшерүүлөр тереңирээк кирсе андан да көп болушу мүмкүн.
Бишкек ЖЭБ боюнча айтсам.
Элдин баары билет. 386 миллион долларга жапжаңы ТЭЦ салып койсо болмок. Алар эски ТЭЦтеги 24 мештин болгону 2 мешин жаңылап коюшкан. Ошол эле мезгилде Тажикстан 349 миллион долларга 14 меши менен жапжаңы ТЭЦ салдырып алышкан. Демек ал жакта уурулук болгон эмес. Мындай чоң долбоорду Эмомали Шарипович жеке өзү көзөмөлүнө алса керек. 14 жаңы мештин 4 меши биригип 400 МВт энергия берет, калган 10 меши жылуулук берет. Биздики болсо 386 миллион долларга жаңыланган 2 мешибиз 300 МВт берет. Калган 22 мешибиз чирип турат.
Түшүнүктүү болуш үчүн жөнөкөй тил менен мисал келтирдим. Кыскасы Тажикстан 349 миллион долларга 14 меши менен жапжаңы ТЭЦ салдырып алып жатат. Биздикилер болсо 386 миллион долларга эски ТЕЦтин ичиндеги 2 мешти жаңылап коюп атат.
111 миллион доллар желип кеткен деп сотто далилденген. Ошол учун Сапар Исаков менен Аскар Шадиев качып жүрүшөт. Ошол мезгилде тергөө жакшылап тергеген эмес болуш керек деп ойлойм. Себеби 2 мешке 275 миллон доллар кетмек эмес.
Баса, Жогорку Нарын ГЭСи да эсиме түшө калды. Айта кетпесем болбойт. Бекназаров айткандай «Айтпайын десем өзүңөр айттырасыңар да» дегендей. Дүңгүрөтүп бир «носилка баткак», эки даана күрөк менен баштаган Жогорку Нарын ГЭСи биз үчүн катастрофа болду. “РусГидро” бизди сотко берип 37 млн долларга доого жыкты. Анын үстөгү өсүп олтуруп бүгүнкү күнү 50 млн долларга жетти.
Мен 2021-жылы Россияга болгон биринчи иш сапарымда В.В.Путин менен сүйлөшүп, бул акчанын баары уурдалып кеткен. ГЭС салууга пайдаланылган эмес, кечип бериңиз деп сурангам. Ал киши макул деген. Бирок 2023-жылы иш сапарым менен барганда «бул сумманы төлөшүңөр керек. Эл аралык соттон уттук» деди. Мен ошол эле жерден төлөбөйбүз деп жооп бердим. Себеби, ГЭС салчу компаниянын жетекчилеринин көпчүлүгү, айрыкча маселе чечүүчүлөрү Россия тараптан болчу.
Биз тарап аздык кылган экен. Анан албетте финансыны кайсы иштерге колдонуу жагынан кандай чечимдер чыкса өтүп кете берген. Биздикилер чечимге кол коюп берип коюп «алчусун алып» олтура беришкен. Эң негизгиси ГЭС башталган эмес. 40 тонналык 400-500 даана контейнерлерди алып барып жатакана сыяктуу кылып коюшкан. Ошол жерге 37 миллион доллар кеткен имиш. Ал контейнерлерди чындап эсептеп келсе 37 миң доллар деле кетмек эмес. Бул маселе боюнча 2023-жылдан бери эки тараптуу комиссия түзүп иш жүргүзүп келе жатабыз. Бирок азырынча натыйжа жок. Россия тарап менен «вазимоозачет» кылчу ар кандай иштерибиз бар. Балким ошолор менен алмашабыз деп иш алып барып жатабыз. Жыйынтыгы кандай болот көрөбүз. Акыры бир нерсе кылып кутулабыз бул карыздан да. Бул маселе боюнча эл аралык соттон утулмак эмеспиз. Эгер Атамбаевтин башы иштесе? Ал жини менен кыйкырып-өкүрүп бир жактуу эле келишимди денонсация кылып салган. Мындай эл аралык маселеде, дагы бир жолу баса белгилеп айтамын эл аралык маселеде ачууну эмес, акылды иштетиш керек. Өз акылың жетпесе тажрыйбалуу юристтерден кеңеш сура. Бул маселе менчик маселең эмес да. Ач кыйкырык салып эле денонсация кылып салгыдай. Бул жалпы элдин, мамлекеттин маселеси. Элдин убалы. 50 миллион доллар.
“Ачуу душман акыл дос” деп элибиз бекер айткан эмес. Бир жактуу денонсация кылаардан мурун Россия тарапка бир нече жолу претензия менен кат жөнөтүш керек эле. Силер келишимдеги милдеттенменердин бир пайызын да аткарган жоксуңар. Келишимдин мөөнөтү өтүп кетти. Иш баштала элек. Болбосо денонсация кылабыз деп жана башка ушул сыяктуу дооматтарды жаадырып, жоопторун алыш керек болчу. Ошондон кийин анан денонсация кылса балким эл аралык соттон утулбай калат элек.
Мунун баарын жамандагандай болуп калбайын деп ушул күнгө чейин айтпай жүрдүм эле. Бекназаров айткандай «өзүңөр айттырып атасыңар да». Буга чейин бир дагы экс президенттердин атын атабадым эле. Анда-санда эле тарыхыбызда өткөн-кеткен кемчиликтерди жалпылап айтып койгонум болбосо. Эми мындан ары свет, майнинг, тышкы карыз, күбөлүк деген маселелер боюнча маек алганы келбегиле. Бул маселелер боюнча эч кимге маек бербейм. Жооп да бербейм», — дейт президент.