• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

 Садыр Жапаров Баку шаарына келди

19 Чын куран 2022 19:55 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-апрелде, расмий сапар менен Баку шаарына (Азербайжан Республикасы) келди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Мамлекет башчысынын учагы Г.Алиев атындагы эл аралык аэропортко конду.

Аэропорттун флагштокторуна эки өлкөнүн мамлекеттик желектери илинип, ардак кароолдун ротасы тизилген.

Эске салсак, сапардын алкагында президент Садыр Жапаров Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Милли Межлистин Төрайымы Сахиба Гафарова жана ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушат.

Количество просмотров: 89