• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Садыр Жапаров: Бул ирет элдин бийликке болгон ишенимин кайтарып берели

13 Тогуздун айы 2021 17:58 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин жаңы курамы Жогорку Кеңештин трибунасынан ант бергенден кийин президент Садыр Жапаров кайрылуу жасады.

Ал Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн куттуктап, кызматтарын так жана мамлекттин кызыкчылыгын жогору коюп иштөөгө чыкырды.

«Жалпы министрликтер мыйзам чыгаруу органы болгон Жогорку Кеңеш жана башка аткаруу органдарынын жетекчилери, аймактардагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары — айыл өкмөттөрдүн башчыларына чейин тыгыз иштешүүсү керек. Мурдагыдай жогорудан буйрук берип коюп күтүп отурмай, статистикалык маалыматтарды чогултмай, аймактардын же түзүмдүк бөлүмдөрдүн дежур жоопторун берип, маселени натыйжалуу чечпей, эптеп кутулмай көрүнүштөрү жоюлушу кажет. Мындай министрлер дароо кызматтан алынат», — дейт ал.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-октябрда Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн дайындаган бир катар жарлыкка кол койду. Ага ылайык айрым жетекчилер мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, айрымдары жаңы дайындалды.

Ага ылайык:

-Данияр Амангелдиев — экономика жана коммерция министри;

— Алмаз Бакетаев — финансы министри;

— Руслан Казакбаев — тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри;

— Аяз Баетов — юстиция министри;

— Эркинбек Осоев — транспорт жана коммуникациялар министри;

— Аскарбек Жаныбеков — айыл чарба министри;

— Доскул Бекмурзаев — энергетика министри;

— Динара Кутманова — жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри;

— Алымкадыр Бейшеналиев — саламаттык сактоо министри;

— Болотбек Купешов — билим берүү жана илим министри;

— Азамат Жаманкулов — маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;

— Кудайберген Базарбаев — эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри;

— Бактыбек Бекболотов — коргоо министри;

— Улан Ниязбеков — ички иштер министри;

— Бообек Ажикеев — өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалды.

Количество просмотров: 242