• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Садыр Жапаров Дүйшөбаевдин Матраимовдун кармалуусу тууралуу айтканына жооп берди

28 Тогуздун айы 2020 9:31 Бишкек Govori.TV

Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров Коомдук каналдагы маек берип, бир катар суроолорго жооп берди. Ал Кеңешбек Дүйшөбаев Коопсуздук кеңешинин катчылыгы кызматында иштөөгө моралдык укугу болбогондуктан кызматтан алынганын билдириди. Анын айтымында, Дүйшөбаев 2010-жылдагы апрель жана июнь окуяларынын алдын албаганы үчүн ишмердиги териштирилиши керек.

“Ал жоопко тартыла турган адам. Ал кантип Коопсуздук кеңешинин башында турушу керек эле?”,-деп билдирди Жапаров.

Ошондой эле премьер-министр Жапаров Кеңешбек Дүйшөбаевдин акыркы билдирүүлөрүнө комментарий берип, “30 жылдык ишинде коррупцияга каршы күрөшүп, мамлекетке пайда алып келиптирби?”,-деп суроо салды.

Кеңешбек Дүйшөбаев 27-октябрда Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун, кримтөбөл атыккан Камчыбек Көлбаевдин кармалышын «театрлашкан шоу» деп баалаган.

Кеңешбек Дүйшөбаевди Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматтан кетер алдында, 15-октябрда дайындаган болчу. Президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров аны кызматтан алганы 27-октябрда жарыяланды. Дүйшөбаев 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы болуп турган.

Количество просмотров: 172