• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Садыр Жапаров: Дача СУ боюнча коомдук комиссия түзүлөт

8 Бугу 2022 13:12 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-майда Фейсбуктагы баракчасында билдирүү жасады.

Анын айтымында, Дача СУ боюнча коомдук комиссия түзүлөт.

«Урматтуу кыргызстандыктар!
Эл койгон негизги талаптардын сап башында «Ош окуясы менен Дача-СУ окуясын иликтеп, аягына чыгарып бергиле» деген талап болгон. Ош окуясын иликтөө аяктап калды деп маалымат беришти. Жакында иш сотко кетет экен. Ал эми Дача-СУ окуясы боюнча иш абдан начар, жай жылып жатат. «Иликтеген тергөөчүлөр мурда дагы иликтеген, балким көп нерселерди жашырып коюп жатышабы» деген маалымат беришти. Ошондуктан, коомдук комиссия түзүү чечимин кабыл алдым. Жакында тескеме чыгат. Активдүү жарандарыбызды, иликтөөчү журналисттерибизди, өкмөттүк эмес уюмдардан өкүлдөрдү дагы чакырабыз. Иликтөөгө мамлекет тараптан ар тараптуу жардамдар көрсөтүлөт. Тергөө тобундагы кагаздар менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн түзүп беребиз»,-деп жазды ал.

Ал окуяларга байланыштуу президенттик администрациянын өкүлү Мурат Укушов менен байланышка чыгууга чакырды.

Количество просмотров: 304