• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Садыр Жапаров кайрадан элди вакцина алууга чакырды

10 Жетинин айы 2021 13:31 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров социалдык тармагындагы баракчасына билдирүү калтырып, кыргызстандыктарды кайрадан коронавируска каршы вакцина алууга чакырды.

«Бүгүн 46 адамда COVID-19 аныкталды, үчөө каза болду. Баары эмдөөдөн өтпөгөндөр экен. Вакцина алыңыздар. Бүгүнкү күндө 1 миллион 16 миң жараныбыз эмдөөдөн өтүштү. Эмдөөнүн аркасында оору азая баштады», — деп жазган президент Жапаров.

Белгилей кетсек, өлкө боюнча жалпы 1 млн 16 миң 696 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 790 миң 727 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Количество просмотров: 228