• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Садыр Жапаров эмне себептен аралыктан иштеп жатат?

16 Бирдин айы 2021 12:17 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров алдын ала пландалган эл аралык иш-чаралардын алдында аралыктан иштөө режимине өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы кабарлады.

Кошумчалангандай, Садыр Жапаровдун мындай кадамга барышына коронавирус инфекциясынын дале болсо күчөп турганы болгон. Ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо зарылдыгы да актуалдуу бойдон калууда.

Мамлекет башчысы ишин онлайн-форматта улантып, өлкөдө болуп жаткан бардык окуяларды көзөмөлдөп турат.

Жана ошондой эле вице-премьер-министр Артем Новиков да аралыктан иштөө тартибине өткөн.

10-январда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Садыр Жапаровдун алгачкы эл аралык иш сапары Орусиядан башталары айтылган. Маалыматтар боюнча, Москвага фейраль айынын соңунда барат.

Эске салсак, экс-президент 2020-жылы Жеңиш күнүн майрамдоо иш-чарасын утурлай Россияга барып, бирок Жээнбековдун айланасындагылардан коронавирус табылып, Путинге жолукпай, салтанаттуу иш-чарага катышпай калган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 16-февралдагы маалыматтар боюнча акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониядан Чүй облусунда жана Бишкек шаарында бирден адам каза болду​. 48 кишиге вирус жукканы аныкталды.

Количество просмотров: 1731