• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен сүйлөштү

30 Кулжа 2022 16:22 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-июнда, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен телефондон сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызмтанан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, кыргыз-тажик эки тараптуу мамилелеринин комплекстүү маселелери талкууланып, ошондой эле регионалдык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Мындан тышкары, өлкө лидерлери Борбордук Азия мамлекеттердин башчыларынын алдыдагы консультативтик жолугушуусу темасына да токтолушту.

Мамлекет башчылары эки мамлекет жана эки элдин ортосундагы ынак коңшулаштык менен боордоштукту чыңдоого багытталган активдүү саясий диалогду улантууну макулдашты.

Количество просмотров: 448