• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Садыр Жапаров: Энеме топурак салганга буйруптур, атама буйруган эмес

9 Жалган куран 201913:52 Бишкек Govori.TV

Бишкек.09.03.2019.Govori.TV.

“Энеме топурак салганга буйруптур, атама буйруган эмес. Бирок энемен дагы атаман да айрылдым”, — деп Садыр Жапаров апасын акыркы сапарга узатуу аземинде айтты.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=2213403972086708&id=100002513811597

Ал бүгүн Ысык-Көлдүн Түп районундагы Кең-Суу айылына 9-мартта барды. Аны убактылуу үйүнө барууга Жаза аткаруу мамлекеттик комитетинин жетекчилиги уруксат берди.

Жапаровдун апасы 7-мартта кайтыш болгон. 2017-жылы Садыр Жапаровдун атасы көз жумган, бирок анда коштошуу зыйнатына барууга ага уруксат берилген эмес.

Садыр Жапаров апасы жаназага келгендерге ыраазычылыгын билдирип сөз сүйлөдү.

«Бирөөнүн сөөгүн көтөрүп бара жатса, ким канчалык көтөрүп бара жаткан сөөккө бейиштин орун берсин” десе, ошол тилек орундалат экен. Баарыңыздарга келгениңиздерге ыраазчылык билдиремин. Жамандык болбосун, жакшылык эле болсун. Өзүңүздөр билесиздер адилетсиз, мыйзамсыз түрмөдө жатканымды баарыңыздар билесиздер. Мен мыйзамдуу адилеттүү мамлекетте жашагым келет. Кудайым буюрса адилеттүүлүк четинен орноп келе жатат»,- деп белгиледи Жапаров.

Количество просмотров: 19