Президент Садыр Жапаров Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.
Тараптар эки жактын мамилелеринин күн тартибинде турган актуалдуу маселелерди, ошондой эле Кыргызстан менен ЕБ ортосундагы кызматташтыктын келечегин талкуулашты.
Мындан тышкары, Садыр Жапаров менен Шарль Мишель эки тараптуу жана көп тараптуу форматта боло турган иш-чаралардын графиги боюнча пикир алмашып, Кыргызстан менен ЕБ ортосунда кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары боюнча өз ара аракеттенүүнү мындан ары тереңдетүүгө бирдей даярдыгын билдиришти.
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-апрелде, Европа Кеңешинин Президенти Шарль Мишель менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Тараптар эки жактын мамилелеринин күн тартибинде турган актуалдуу маселелерди, ошондой эле Кыргызстан менен ЕБ ортосундагы кызматташтыктын келечегин талкуулашты. Жапаров менен Мишель эки тараптуу жана көп тараптуу форматта боло турган иш-чаралардын графиги боюнча пикир алмашты.
Тараптар Кыргызстан менен ЕБ ортосунда кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары боюнча өз ара аракеттенүүнү мындан ары тереңдетүүгө бирдей даярдыгын билдиришти.