• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Садыр Жапаров үгүт өнөктүгүнүн эрежелерин бузуп жатканы айтылды

16 Бештин айы 202017:59 Бишкек Govori.TV

Садыр Жапаров «Мамлекеттик коргоо жөнүндө» мыйзамды бузуп, кезексиз президенттик шайлоодо УКМК кызматкерлерин үгүт иштерине тартты. Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев айтып чыкты.

Жактоочунун айтымында, «Мамлекеттик коргоо жөнүндө» Мыйзамдын 15-беренесине ылайык, Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлерин кызматтык милдеттерине байланышпаган функцияларды аткарууга тартууга тыюу салынат.

«Жаңылбасам, мамлекеттик коопсуздук кызматкерлери коопсуздук функциясынан тышкары, президенттикке талапкерди үгүттөп жатышат. Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлери үчүн “Садыр Президент” деген баш кийимин кийүү УКМКнын тутумундагы кызмат абалынын төмөндөшү болуп саналат”, — деп белгиледи Замир Жоошев.

Сүрөттө жана видеодо Садыр Жапаровдун жанында турган жансакчылар үгүт өнөктүгүнүн логотиби түшүрүлгөн жилеттер жана баш кийимдерди кийип жүргөнү ачык көрүүүгө болот.

Количество просмотров: 5539