• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Садыр Жапаров Гурбангулы Бердымухамедовду куттуктады

27 Аяк оона 2021 15:10 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-сентябрда, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовду Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

«Сизди жана жалпы Түркмөнстан элин өзүмдүн жана жалпы кыргыз элинин атынан Түркмөнстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык мааракеси менен чын дилимден куттуктайм. Кылымдарды карыткан тарыхы бар Түркмөнстан

30 жылдын ичинде өзүнүн ички жана тышкы саясатында чоӊ ийгиликтерге жетишип, учурда эл аралык коомчулукта татыктуу орунга ээ болду.

Дүйнө мамлекеттеринин арасынан эӊ алгач «Түбөлүк нейтралитет» макамына жетишкен өлкө катары Түркмөнстан чыныгы тынчтыктын жана ишенимдүүлүктүн мекенине айланды», — деп айтылат мамлекет башчысы жолдогон куттуктоодо.

Садыр Жапаров эгемендүүлүк жылдар ичинде Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосундагы достук жана бир туугандык мамилелер бекемделип, эӊ бийик деӊгээлдеги ишенимдүү стратегиялык өнөктөштүк түзүлгөнүн белгиледи.

Ошондой эле ал эки боордош элдин ортосундагы ынтымак жана жылуу мамилелер андан ары да чыңдала берерине ишеним артарын билдирди.

Количество просмотров: 117