• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Садыр Жапаров Илон Масктын Азаттык боюнча пикирин колдоду

10 Бирдин айы 202521:09 Бишкек Govori.TV

Илон Маск АКШ өкмөтү тарабынан каржыланган Эркин Европа — Азаттык жана «Америка үнү» радиолорун жабууну сунуштады. Бул тууралуу ал өзүнүн X социалдык тармагында жазды.

Эркин Европа — Азаттык радиосунун Кыргызстанда да өкүлчүлүгү болгондуктан Илон Масктын мындай демилгеси социалдык тармактарда талкууга түшүп, көптөгөн колдонуучулар ар кандай пикирлерин билдиришүүдө. Буга байланыштуу «Кабар» агенттиги мамлекет башчысынан интервью алды.

«Эң туура кылышат. Булардын мындай чечим кабыл алышын мен колдоймун. Анткени эшикте 21-кылым. Кандай маалымат болсо да, дүйнө жүзүнө беш мүнөттө тарайт. Илгерки заман жок. Ал заман эскирди. “Азаттыкты” илгери, мындан 20-30 жыл мурун элдин баары күтүп укчу, ишенчү. Себеби ал мезгилде интернет мынчалык өнүккөн эмес, смартфон деген жок болчу. Азыр “Азаттыктын” жаңылыктарына эл муктаж эмес. Элдин баары жаңылыктарды интернет аркылуу алышат. Анан биздин элибиз жаңылыктардын баарына эле ишене бербей, талдаганды үйрөндү. Кайсы жаңылык калп, кайсы жаңылык чын экенин аныктай билишет. Мисалы, “Азаттык” бирөөнүн аброюна шек келтирип, жалган маалымат таратканда, эл талдап баштайт. Анан жалган экени билинип калганда, “Эмнеге мындай жалган маалыматты таратып жатасыңар?” деп сураса, “Кечирип койгулачы” деп кайра сайтынан алып коюшат. Сотко берип баштаса, “Бизде сөз эркиндиги өлдү” деп дүйнөгө жар салып чыгышат. Ушул кантип болсун. Жалган маалымат таратуу же жаңылыктар менен манипуляция кылуу бул сөз эркиндигиби? Ээн ооздук кылууну сөз эркиндиги же адам укугу менен алмаштырып албаш керек. Ошондуктан Трамп менен Масктын чечимдерин колдошубуз керек», — дейт президент.

Количество просмотров: 224