• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Садыр Жапаров иш сапары менен Сауд Аравиясына барат

9 Жетинин айы 20249:48 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров 11-ноябрда Сауд Аравия Королдугуна иш сапары менен барат. Бул тууралуу Президенттин Администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

«Сапарынын алкагында мамлекет башчысы Ислам Кызматташтык Уюмунун кезексиз Ислам саммитине катышат. Анда Палестина жана түштүк Ливан, ошондой эле жалпысынан Жакынкы Чыгыш аймагындагы учурдагы кырдаалды талкуулоо пландаштырылууда. Саммиттин алкагында Садыр Жапаровдун сөз сүйлөөсү, ошондой эле Сауд тарап менен бир катар эки тараптуу жолугушуулар пландаштырылууда»,- деди Муратбек Азымбакиев.

Количество просмотров: 191