• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Садыр Жапаров иш сапары менен Венгрияга барды

21 Бугу 20258:35 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров 20-майда иш сапары менен Венгрияга келди.

Мамлекет башчынын учагы Будапешт шаарындагы Ференц Лист атындагы эл аралык аэропортко конду.

Президент Садыр Жапаровду Венгриянын премьер-министринин канцеляриясынын башчысы — министр Гергей Гуйяш жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Аэропорттун флагштокторуна ТМУга мүчө жана байкоочу мамлекеттердин желектери илинип, килем төшөлүп, анын боюнда ардактуу караул тизилген.

Президент Садыр Жапаров иш сапарынын алкагында Түрк мамлекеттер уюмуна катышуучу өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын бейформал саммитине катышат.

Количество просмотров: 141