Президент Садыр Жапаров көп аялдуулук үчүн кылмыш жоопкерчилигин жоюу тууралуу мыйзамга каршы пикири менен Жогорку Кеңешке кайтарды. Мыйзамды парламент депутаттары Нурланбек Азыгалиев жана Медер Саккараев демилгелеп, 2025-жылдын 25-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Бул мыйзамдын негизги жобосу болуп, эки же андан көп аял алуу үчүн кылмыш жоопкерчилигин караган Кылмыш-жаза кодексинин 176-беренесин күчүн жоготту деп табуу саналат.
Каршы пикирлер Акыйкатчынын, Башкы прокуратуранын, Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин, Улуттук илимдер академиясынын, Юстиция министрлигинин жана Конституциялык соттун аппаратынын корутундуларынын негизинде даярдалган.
Эки же андан көп аял алуу үчүн кылмыш жоопкерчилигин сактап калуу Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине (Аялдарга карата басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө конвенция (Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 1996-жылдын 25-январындагы № 320-1 жана Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын 1996-жылдын 6-мартындагы № 257-1 токтомдору менен кошулуу), Балдардын укуктары жөнүндө конвенция (Жогорку Кеңештин 1994-жылдын 12-январындагы № 1402-XII токтому менен кошулуу), мамлекеттин гендердик теңчилик жана мыйзам үстөмдүгү принциптерине берилгендигин көрсөтөт, аялдарды жана балдарды укуктук жана социалдык теңсиздиктен коргойт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында бекитилген үй-бүлө институтун чыңдоого көмөктөшөт.
КР Кылмыш-жаза кодекси 176-берене. Эки аял алуу же көп аял алуу Эки аял алуу же көп аял алуу, башкача айтканда, эркектин эки же андан көп аял менен жалпы чарба жүргүзүп чогуу жашашы, – жүз сааттан үч жүз саатка чейинки коомдук жумуштарга же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500 (50 миң сом) өлчөмүндөгү айыпка дуушар болот.