• Шаршемби 10 Кулжа 2026
  • Среда 10 Июнь 2026

Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевге көңүл айтты

1 Бештин айы 20239:01 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевге Алматы шаарындагы мейманканада чыккан өрттөн улам адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

“30-ноябрда Казакстан Республикасынын Алматы шаарындагы мейманканада чыккан өрттөн улам адамдардын курман болгону тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Ушул кырсыктын кесепетинен каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтам. Жабыркагандардын тез сакайып кетишин каалайм”, — деп айтылат телеграммада.

Количество просмотров: 237