• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Садыр Жапаров Казакстанга барат

11 Бугу 2023 14:29 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2023-жылы расмий иш сапары менен Казакстанга барат. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев билдирди.

Эскерте кетсек, 2021-жылы мартта КР президенти Казакстанга мамлекеттик сапар менен барган.

Эки өлкөнүн башчылары тар жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле биргелешкен кызматташуунун мындан аркы келечегин талкуулашкан.

Количество просмотров: 58