Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кеңешчиси болгон депутат Акылбек Жапаровду жумуштан бошоткону тууралуу КТРКга берген интервьюсунда билдирди.
Акылбек Жапаров, Садыр Жапаровдун коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп иштеген. Садыр Жапаровдун айтымында, Акылбек Жапаров үч күндөн бери жумушка келе элек.
“Акылбек Жапаровду үч күндөн бери издеп таппай жатам. Жумушка келе элек. Бүгүндөн баштап ал менин кеңешчим болбойт”, — деди Жапаров.
Премьер-министр парламенттик шайлоо алдындагы дебаттарда Акылбек Жапаров уят сөздөрдү колдонуп Темирлан Султанбеков менен айтышканы үчүн аны жактырбай калганын билдирди.