• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Садыр Жапаров кезектеги жарлыктарга кол койду

9 Бирдин айы 2021 17:17 Бишкек Govori.TV

Мамлекет башчысы саламаттыкты сактоо, өлкөнүн финансы рыногун, агро өнөржай комплексин мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар, мыйзамдарды инвентаризациялоо жана санарип технологияларды киргизүүнү активдештирүү жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында жазылат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо чөйрөсүн өнүктүрүү жана калктын жашоосунун жана саламаттыгынын сапатын жакшыртуу боюнча  кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгы калктын саламаттыгын коргоо жана бекемдөө маселелеринде саламаттык сактоо уюмдарынын ишин өркүндөтүү, ооруларды алдын алуу, жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу, материалдык-техникалык камсыздоону, кадрдык ресурстарды башкарууну жакшыртуу жана саламаттык сактоо системасына санарип технологияларды мындан ары киргизүүгө багытталган.

«Финансы рыногун мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлык менен финансы рыногун өнүктүрүү жана аны санариптештирүү процессин ылдамдатуу, жарандардын жана ишкерлердин финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү алуусунун жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, бул секторго инвестициялардын келүүсү үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү максатында өлкөнүн финансы рыногун мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар каралган.

«Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыктын негизги милдети айыл чарба азыктарын өндүрүүнү жана экспорттук потенциалын жогорулатуу аркылуу өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча агроөнөр жай комплексинин артыкчылыктуу багыттарын өнүктүрүү, коюлган максаттарга жетишүү үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Бардык мыйзамдык базаны оптималдаштыруу жана өркүндөтүү, колдонуудагы баалуулуктарды жана принциптерди, жаңы багыттарды кайра карап чыгууга негизденген жана жаран менен юридикалык жактардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого багытталган масштабдуу жана сапаттуу өзгөртүүлөрдү жүргүзүү максатында «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду.

Президенттин «Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө» Жарлыгы жакынкы мезгилде мамлекет, бизнес жана жарандар ортосундагы туруктуу санариптик өз ара аракеттенүүнү түзүү боюнча негизги милдеттерди аныктайт. Жарлыктын максаты — Кыргыз Республикасынын калкына мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чараларды кабыл алуу.

Жогоруда айтылган Жарлыктардан келип чыккан милдеттерди ишке ашыруу үчүн бардык зарыл  чараларды көрүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунушталат.

Количество просмотров: 227