• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Садыр Жапаров кытайлык жумушчулар боюнча үн катты

18 Жетинин айы 202515:54 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген кезектеги маегинде Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандарга, айрыкча кытайлык жумушчуларга байланышкан талкуулар шайлоо алдындагы атайын уюштурулган чагымчылдык экенин билдирди. Ошондой эле мамлекет башчысы Кыргызстанда чет элдик жумушчуларга карата көзөмөл толук кандуу жүрүп жатканын айтты.

«Биринчиден, ачык айтышыбыз керек, бул провокация болуп жатат. Шайлоого жакын бир нерсе уюштуралы деген чагымчыл топтор бар. Алардын баарын билебиз. Азырынча сыртынан көз салып гана турабыз. Эгер катуу кетип бара жатышса, камалышат. Анан “Бизди жөн эле камап салышты” деп кыйкырып чыгышат. Башка шылтоолору жок, болгону электр энергиясы менен кытайлар. Электр энергия боюнча кенен маалымат берсем тынчып калышты эле. Эми экинчи көйгөй катары кытайларды көтөрүп чыгып жатышат. Турмушта баары болот. Бишкектин көчөлөрүндө деле эки кыргыз жол талаша кетип, күндө мушташ болуп жатпайбы, соцтүйүндөрдөн көрүп эле жатабыз го баарын. Турмуш-тиричиликтеги мындай талаш-тартышты эки өлкөнүн проблемасы катары жогорку деңгээлге чейин көтөрүштүн кереги жок. Экинчиден, албетте, чет өлкөлүктөрдү жетиштүү түрдө эле эмес, ашыкча да көзөмөлдөөгө күч жетиштүү. Мыйзам бузган же визасынын мөөнөтү өтүп кеткен чет өлкөлүктөрдү керек болсо бир күндө тазалап салсак болот. Бирок, азыр мамлекеттин алдында андай муктаждык жок. Кечээги окуядан кийин Кытайдан чоң-чоң долбоорлор боюнча келип, иштеп жаткан чет өлкөлүктөргө: “Жергиликтүү калк менен ынтымакта болгула, долбоорлор бүткөнчө бири-бириңерге сый-урмат менен мамиле кылгыла” деп катуу эскертүү бердик. Долбоорлор бүткөндөн кийин алар Кыргызстанда бир күн да калбайт. Жумушчу визалары бүтөт. Бизде Кытай менен виза режими бар. Визасыз бир дагы кытай Кыргызстанга кире албайт. Ошондуктан жергиликтүү калк да кылдат мамиле жасашы керек. Башталып калган бардык кылым долбоорлорубуз бүтүп кетсин. Ансыз деле бул жолдун салынбай калышына кызыкдар күчтөр көп. Көптөгөн каршылыктар болуп, бул жолду “тирүүнүн тозогу” менен араң баштадык. Бул жол башка бирөөлөргө эмес, келечекте бизге, Кыргызстанга керек. Керек болгондо да, аба менен суудай керек», — деп айтты ал.

Эске салсак, 15-ноябрда “Чайна-Роуд” жана “Чжунзцы” компанияларынын айдоочулары Константиновка айылынын четиндеги карьерден кум-шагыл ташуу маалында жол талашып, жаңжал чыкканы аныкталган. Жаракат алгандардын бири — 2005-жылы туулган К.А. аттуу Бишкек шаарынын тургуну учурда ооруканада, Саламаттык сактоо министрлиги анын абалы орто оор деп билдирген. Чүй облустук Ички иштер башкармалыгы мушташ боюнча Кылмыш кодексинин “Бейбаштык” беренеси боюнча иш козгоп, бир нече адам милицияга жеткирилген.

Количество просмотров: 224