• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Садыр Жапаров мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

31 Баш оона 2021 16:14 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 31-августта президент Садыр Жапаровдун буйругу менен бир катар маданият, медицина, коомдук ишмерлерге мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылды.

Алардын арасында «Кыргыз Республикасынын эл артисти» наамын алган эстрада ырчылары, композиторлор да бар.

Бул наамды Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын коюучу-режиссеру Нурлан Абдыкадыров, ырчылар Динара Акулова, Исрадин Аманбаев, Берадор (Бек) Борбиев, Валентина Анникова, Валентина Гилка, Шакен Жоробеков, Айчүрөк Иманалиева, Эсенбек Мааданбеков, Абдырасул Маматкулов ж.б. маданий ишмерлерге берилди.

Бүгүн Кыргызстанда Эгемендиктин 30 жылдыгы белгиленип жатат. Анын урматына бир катар мамлекеттик сыйлыктар тапшырылууда.

Количество просмотров: 207