• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Садыр Жапаров манасчы Дөөлөт Сыдыков менен жолукту

13 Жетинин айы 2020 18:51 Бишкек Govori.TV

Сиздин чыгармачылыгыңыз — бул улуу кыргыз эпосун сактоого гана эмес, кыргыз элинин рухий турмушуна да баа жеткис салым. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров манасчы Дөөлөт Сыдыков менен жолугушуу учурунда билдирди. 

«Кыргыз элинин руханий жана маданий мурастарынын улуу дөөлөтү — бул «Манас» эпосу. Кыйын мезгилдерде Манастын образы манасчылык өнөр аркылуу кыргыз элине күч-кубат берет. Азыр ар бир адамдын мамлекеттин өнүгүүсү боюнча өзүнүн позициясы жана көз карашы, дүйнө таанымы бар, бирок Манаска келгенде баарыбыз бирбиз. Сиз жаңы рекордду гана жаратпастан, элди биримдикке чакырдыңыз», — деди Садыр Жапаров.

Баарлашуунун жүрүшүндө манасчы чыгармачылык чөйрөдө кездешкен тоскоолдуктар тууралуу айтып берди. Чыгармачыл инсандардын пикирлерин уккан соң, Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Өкмөтү салттуу чыгармачылыкты өнүктүрүүнү аркалап жүргөн жактардын көйгөйлөрүн тез арада чечип берүүгө болгон күч-аракетин жумшаарына ишендирип кетти.

Жолугушуунун соңунда Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Дөөлөт Сыдыковго баалуу белектерди тапшырып, чың ден-соолук жана ийгиликтерди каалады.

Количество просмотров: 240