• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Садыр Жапаров: Матраимов Дубайга чыгып кеткенге даярданган экен

21 Тогуздун айы 2020 19:19 Бишкек Govori.TV

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов Дубайга чыгып кеткенге даярданган экен. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу жана өкмөт башчы Садыр Жапаров BBC радиосуна берген маегинде билдирип, анын кармалышы боюнча түшүндүрмө берген.

Анын айтымында, Матраимов боюнча чечимди өзү кабыл алган.

«Бул чечимди мен кабыл алдым. Ал эми УКМК жетекчиси «камайм» деп айтты. Анткени Райым башка ысым менен паспортун өзгөртүп, Дубайга чыгып кеткенге даярданган экен. Аны кармап келишкенден кийин мага чалып, камакка алабыз деп айтышты. Токтоп тургула, жети өлчөп бир кесели дедим. Анткени буга чейин эки жыл мурун Алмазбек Атамбаевди камадыңар. Райымдан үч эсе бай, миллиарддары бар, бир тыйын төктүрдүңөрбү? Эки жылдан бери мамлекеттин эсебинен багып жатабыз туурабы? Кубанычбек Кулматовду кармадыңар. Райымдан эки эсе бай, мамлекетке эки тыйын төктүрдүңөрбү? Жок! Аны да мамлекеттин эсебинен багып жатабыз. Райымды 5 секундда камап койсок болот. Бирок камалгандан кийин сот процесси жылдап уланып, кустура албай калабыз» – деп билдирди Жапаров.

Эске салсак, 20-октябрда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов УКМК тарабынан кармалган. Кечинде баш коргоо чарасы каралып, Райымбек Матраимов Биринчи май райондук сотунун чечими менен камакка алынган эмес. Ал сотко чейинки өндүрүш иштери аяктагыча жашаган жеринен соттун уруксатысыз эч жакка чыкпоо тууралуу тил кат жазып берген эле. 

Количество просмотров: 121