• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Садыр Жапаров медицина кызматкерлерин куттуктады

3 Теке 2022 9:37 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-июлда, саламаттыкты сактоо тутумунун кызматкерлерин кесиптик майрамы — Медицина кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

“Урматтуу Кыргызстан калкынын саламаттык сакчылары!

Кадырман дарыгерлер!

Жалпы медицина кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм.

Кылым карыткан кыргыз элибиз «Биринчи байлык – ден соолук» деп, ден соолуктун кадырын баарынан жогору баалап-барктап келишкен.

Урматтуу саламаттык сакчылары, сиздердин дартка даба болуп, ажат ачып, элдин ыраазычылыгын алган кызматыңыздар эч нерсе менен өлчөнбөйт, эч нерсеге теңелбейт. Анткени сиздер «Өзгөлөрдүн өмүрү деп, өзүм күйүп жок болом» («Светя другим сгораю сам») деген ураан астында элге кызмат кылып, бекеринен ант берген эмессиздер. Албетте, адам өмүрү деген маселеде антты бузбайсыздар деп терең ишенем.

Буга чейин элибиздин башынан эмне окуялар өткөн болсо, ошол учурлардын баарында эл менен болдуңуздар. Элдик толкундоолордун натыйжасындагы окуяларда дагы өмүрүӊүздөрдү тобокелге салып, эл арасында жүрүп, кечиктирилгис медициналык жардамыңыздарды аяган жоксуздар.

Ал эми дүйнөнү бушайманга салган коронавирус пандемиясы маалында адамзаттын үрөйүн учурган илдетке тайманбастан каршы туруп бердиңиздер. Адам баласынын башына түшкөн капсалаң учурунда алдыга суурулуп чыгып, илдетке чалдыккандарды өлүмдөн арачалап калган эрдигиӊиздер эч качан унутулбайт. Биз бул каармандыгыңыздарды айткандан эч качан тажабайбыз, танбайбыз. Дүйнө жүзүн дүрбөлөңгө салган бул илдет менен күрөшүп жатып каза болгон доктурларга ар дайым башыбызды ийип, таазим кылабыз.

Дегеле эзелтеден эле дарыгерлер кайсы гана коомдун болбосун, эӊ барктуу катмары болуп келген. Мамлекет медиктердин кадыр-баркын мына ошол уӊгудан төмөндөтпөй, колдон келсе жогорулатууга бар күч-аракетин жумшайт. Учурда өлкөбүздүн аймагында элибизге адистештирилген медициналык жардамдар өз убагында көрсөтүлүүдө. Мына жакында Бишкек шаарында кургак учукка каршы оорукана, Республикалык перинаталдык борбор курулуп бүтүп, ишке киргизилгени турат. Жер-жерлерде дал ушундай деӊгээлдеги көп тармактуу бейтапканаларды куруу, алыскы тоолуу аймактарда ФАП, амбулаторияларды салуу пландалууда жана ишке ашырылууда.

Туура, бул тармакта дагы көйгөйлөр жок эмес. Бирок андай маселелердин баарын медицина тармагындагы мол тажрыйбалуу адистердин сунуштарынын аркасында аткаруу бийлигинин колдоосу менен биргеликте чечебиз.

Элибиздин саламаттыгын чыӊдоо, жарандарды сергек жашоого үндөө, оорулардын алдын алуу, замандын жаӊы коркунуч-чакырыктарына туруштук берүүгө даяр туруу — жалпы милдетибиз.

Урматтуу саламаттыкты сактоо кызматкерлери!

Дагы бир жолу кесиптик майрамыӊыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм. Ишиӊиздерге албан-албан ийгиликтерди, үй-бүлөӊүздөргө бакубат турмуш, жергебизге тынчтык каалайм!

Элибиз аман, дени сак болсун!”.

Количество просмотров: 196