Бүгүн, 13-ноябрда Президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө күн тартибинде турган эки тараптуу маселелер жана эки мамлекеттин ортосундагы жакынкы келечектеги кызматташуу кадамдары талкууланды.
Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевге коронавирус инфекциясынын пандемиясы менен күрөшүүдө Кыргыз Республикасына көрсөткөн гуманитардык жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле Президенттин милдетин аткаруучу Кыргызстандын Казакстан менен саясий кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө чечкиндүү түрдө ниеттенгендигине ишендирди.
Соңунда Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Кыргызстан менен Казакстан ынак коңшу, ишеничтүү дос, стратегиялык өнөктөш жана союздаш экенин дагы бир жолу белгиледи.