• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев жолукту

11 Жалган куран 2021 18:40 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-мартта, Ташкент шаарынын «Куксарой» резиденциясында президент Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин расмий жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Резиденциянын алдындагы аянтка Кыргызстандын жана Өзбекстандын мамлекеттик туулары илинди. Эки өлкөнүн гимндери жаңыргандан кийин мамлекет башчылары Ардактуу кароол ротасынын тизилген жоокерлерин бойлоп басып өтүштү.

Андан ары Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев өздөрүнүн расмий делегацияларынын мүчөлөрүн тааныштырышты. Андан соң Ардактуу кароол ротасы аскердик оркестрдин коштоосунда салтанаттуу марш менен өттү.

Расмий жолугушуу аземинин жыйынтыгында Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев чакан форматтагы сүйлөшүүгө киришти.

Количество просмотров: 116