• Шейшемби 19 Жалган куран 2024
  • Вторник 19 Март 2024
Орозо

Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёевдин расмий жолугушуу аземи өттү (видео)

27 Үчтүн айы 2023 11:26 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 27-январда, Бишкек шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери Садыр Жапаров жана Шавкат Мирзиёевдин расмий жолугушуу аземи өттү.

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында мрамор чатырдын астында Кыргызстандын жана Өзбекстандын мамлекеттик желектери илинип, Ардак кароол тизилип, килемдер төшөлдү.

Мамлекет башчыларынын өз ара саламдашуусунан кийин Өзбекстан менен Кыргызстандын мамлекеттик гимндери жаңырды. Өлкө башчылары Ардак кароол ротасынын командиринин рапортун кабыл алып, катарды айланып өтүштү.

Андан соң Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев расмий делегацияларын тааныштырышып, Ардак кароолдун аскер кызматчылары мамлекет башчыларынын алдынан өтүштү.

Количество просмотров: 356