• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Садыр Жапаров: Парламент июнга чейин олтурат экен деп «паника» болбогула

23 Тогуздун айы 2020 13:05 Бишкек Govori.TV

Президенттин милдетин аткаруучу жана өкмөт башчы Садыр Жапаров өзүнүн фейсбук баракчасы аркылуу кайрылуу жасады.

«Эч кам санабаңыздар. Жасалып жаткан иштерибиздин баары элдин кызыкчылыгы үчүн болуп жатат.
Эл 30 жылдан бери талап кылып, бирок максатына жетпей келе жаткан иштер сөзсүз ишке ашырылат. Бут тосуулар болбосо, (катуу бут тосуулар болуп жатат) баш мыйзам эл каалагандай кабыл алынат. Шайлоолор буюрса мартка чейин бүтөт. Парламент июнга чейин олтурбайт. Кечээки мыйзамга «запас» убакыт алалы деп, реформалар июнга чейин бүтүш керек экендигин белгилеп коюшуптур. Кыскасы парламент июнга чейин олтурат экен деп «паника» болбогула. 30 жылдан бери тили сайрап, бирок колунан эч нерсе келбеген, эч бир алгылыктуу иш жасабаган саясатчыларга ишенбегиле. Баары жакшы болот!», — деп жазган ал өз кайрылуусунда.

Количество просмотров: 632