• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Садыр Жапаров президенттен ырайым сурады

18 Жетинин айы 2019 11:32 Бишкек Govori.TV

Камакта отурган саясатчы Садыр Жапаров президент Сооронбай Жээнбековдон ырайым сурады. Анын ырайым сурап президентке жазган өтүнүчүнүн текстин жактоочусу Шарабидин Токтосунов жарыялады.

https://www.facebook.com/permalink.php?story_fbid=1006488713025494&id=100009931247426

Анын маалыматына караганда, президентке караштуу ырайым кылуу маселелери боюнча комиссия ушул жылдын октябрь айында Жапаровдун туугандарын кабыл алып, саясатчы ырайым сураса арызы караларын айтышкан. Ошонун негизинде Жапаров ырайым суроо боюнча өтүнүч арызын жазып, ал ырайым кылуу маселелери боюнча комиссияга тапшырылган.

Бирок Шарабидин Токтосунов Жапаровдун арызы эмнегедир ушул убакка чейин каралбай жатканын айтты.

Ырайым сурап арыз жазганына бир ай болду. Бирок ары-бери түртүп эле аны карабай жатышат. Мен Садыр Жапаровдон ырайым боюнча жазган арызын алдым. Анда «менин эч кандай күнөөм жок. Атам, апам, балам да өлдү. Үй-бүлөм оор абалда турат. Ошондуктан ырайым берип бошоткула. Мен эч кандай кылмыш кылган жокмун» деп жазыптыр, — деди Токтосунов.

Президентке караштуу ырайым кылуу маселелери боюнча комиссия Жапаровдун арызы тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен белгилүү болгон Садыр Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде, 2017-жылдын мартында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында 11 жыл, алты айга кесилген.

Белгилей кетчү нерсе мындан эки жыл мурда Эмилбек Каптагаев өзү да «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу Жапаровдун үстүнөн арыз жазбаганын айтып, «ага каршы доо арыз жазууга менде эч кандай негиз жок» деп баса белгилеген.

Жапаровдун тарапташтары аны актап, түрмөдөн бошотууну талап кылып аймактарда эл аралап кол чогултуп жатышат.

Количество просмотров: 96