• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Садыр Жапаров президенттик шайлоодо жеңгени расмий жарыяланды

20 Үчтүн айы 202123:02 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы 20-январда «Кыргыз Республикасынын мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоосунун жыйынтыгы жөнүндө» протоколду бекитти. Башкача айтканда добуш берүүнүн расмий жыйынтыктыгын чыгарды.

Расмий жыйынтыкка ылайык, Кыргызстандын президенти болуп Садыр Жапаров шайланды. Жапаров 1 млн. 105 миң 248 (79,20%) шайлоочунун добушун алып жеңишке жетти.

Экинчи орунда Адахан Мадумаров 94 741 (6,79%) шайлоочунун добушун алган. Андан кийинки орундарда:

  • Бабыржан Төлбаев 32 979 (2,36%),
  • Арстанбек Мыктыбек 23 583 (1,69%),
  • Абдил Сегизбаев 20 335 (1,46%),
  • Имамидин Ташов 16 383 (1,17%),
  • Клара Сооронкулова 14 005 (1%),
  • Аймен Касенов 12 684 (0,91%),
  • Улукбек Кочкоров 9 397 (0,67%),
  • Канатбек Исаев 8 038 (0,58%),
  • Бактыбек Калмаматов 6 893 (0,49%),
  • Элдар Абакиров 6 996 (0,50%),
  • Курсан Асанов 6 885 (0,49%),
  • Равшан Жээнбеков 2 652 (0,19%),
  • Каныбек Иманалиев 2 490 (0,18 %),
  • Женишбек Байгуттиев 1 327 (0,10%),
  • Арстанбек Абдылдаев 1 157 (0,08%) добуш алды.

Баарына каршы 18 673 (1,34%) киши добуш берген.

Жалпы добуш берүү үчүн 3 млн. 563 миң 574 жаран катталып, 10-январда 1 млн. 395 миң 513 киши шайлоого келди. Бул шайлоочулардын 39,16% түзөт.

Количество просмотров: 150