• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

Садыр Жапаров: «Раим миллион» камалат…

8 Тогуздун айы 2020 19:50 Бишкек Govori.TV

Раим Матраимов камалат. Бул тууралуу Садыр Жапаров бүгүн, 8-октябрда журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, айрым журналисттер акча алып туура эмес маалымат таратып жатат.

«Аттарын атабай эле коеюн. Менин акчам жок, болсо силерге менин сөзүмдү сүйлөгүлө деп таратмакмын. Мен эмне үчүн айтып атам. Анткени Раим Матраимов жана Жээнбековдор менен сүйлөшүптүр деген жалган маалыматтарды тарап жатат. Кудайды карап айтайын мен эч кимиси менен сүйлөшкөн эмесмин. Мен толук ишке кирише элекмин. Киришсем Раим Матраимов камалат», — деди Жапаров.

Белгилей кетсек, өкмөт үйүнүн алдында Садыр Жапаровдун тарапташтарынын митинги уланды. Учурда Өкмөт үйүнүн кире беришин элдик кошуундун 50 өкүлү кайтарып турат.

Количество просмотров: 912