• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Садыр Жапаров Си Цзиньпинге көңүл айтты

26 Үчтүн айы 2024 9:01 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинге көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

«Кытай Эл Республикасынын Цзянсу провинциясынын Синьюй шаарында көп кабаттуу имараттан чыккан өрттөн адамдар каза болду деген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалайм», — деп айтылат телеграммада.

Количество просмотров: 95