• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Садыр Жапаров Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президентин кабыл алды

5 Бештин айы 2023 9:51 Бишкек Govori.TV

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Эрсин Татарды кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов билдирди.

Анын маалыматына караганда, Эрсин Татар Бишкектеги кыргыз-түрк “Манас” университети тарабынан уюштурулган коференцияга катышуу үчүн өлкөгө жеке визит менен келген.

«Тараптар бейформал жагдайда сүйлөшүп, тамактанышты», — деп кошумчалады президенттин маалымат катчысы.

Количество просмотров: 48