• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Садыр Жапаров тарапташтарын митингге чыкпоого чакырды

1 Жалган куран 2020 21:10 Бишкек Govori.TV

Мурдагы депутат Садыр Жапаров эртең тарапташтарын митингге чыкпоого чакырды. Бул тууралуу анын жактоочусу Шарабидин Токтосунов фейсбуктагы өздүк баракчасына бүгүн жарыялады.

Урматтуу Кыргызстандыктар! Мага сырттан жолугушууга келген адвокаттарым жана жакын туугандарым, 2-март күнү Бишкек шаарына жалпы эле республикабыздын бардык аймактарынан келип, ар түрдүү талаптар менен митингге чыкканы турушат деген маалымат берип жатышат. Талаптардын арасында менин боштондугум да бар экен. Эгер менин боштондугум үчүн чыкканы жатсаңыздар, «чыкпай эле коюңуздар» деп тарапташтарымдан суранып кетет элем. Аман болсом, Кудай буюрган күнү чыгам. Азыр мыйзам талаасында иштер жүрүп жатат, — деп билдирген Жапаров.

Эске салсак, экс-депутат Садыр Жапаров 2013-жылы октябрда Кумтөр маселесине байланыштуу Караколдо болгон митингде ошол кездеги Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурган деп айыпталып, 10 жылга кесилген.

Количество просмотров: 84