• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Садыр Жапаров Токтогулдун тургундары менен жолугушту

8 Кулжа 2022 16:24 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-июнда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Токтогул районунун тургундары менен жолугушту.

Мамлекет башчысы «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушунун башталыш иштеринин салтанаттуу аземинен кийин жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, аларды кабатырланткан суроолорго жооп берди. Садыр Жапаров курулушу башталып жаткан «Камбар-Ата-1» ГЭСи келечекте кыргыз элинин, мамлекеттин жана кийинки муундардын бакубатчылыгы үчүн иштей турган долбоор экенине басым жасады.

«Эгемендикке ээ болгон 30 жылдан бери „Камбар-Ата-2“ ГЭСинен башка көзгө көрүнөрлүк ГЭС курулган жок. Акыркы 10 жылдан бери электроэнергияны колдонуучулардын саны болсо эки эсе көбөйдү. Мурда биз электр кубатын экспорттоп келген болсок, союз тарагандан бери, акыркы 10-15 жылда электр кубатын импорттоп жатабыз.

Өзүбүз суунун башында турсак дагы, натыйжада Энергетика министрлиги 140 миллиард сомго чейин карызга батып кетти. Бир жарым жылдан бери бардыгын эсептеп, пландап чыгып анан чакан ГЭСтерди кура баштаганбыз. Азыр эми эң чоң долбоор — „Камбар-Ата 1“ ГЭСинин курулушунун башталышына күбө болуп отурасыздар.

Өзүңүздөр билесиздер бир жылдан бери „Кумтөр“ кенин мамлекеттин пайдасына иштей баштады. Мына ошонун акчасы менен биз баштап атабыз. Бул „Кумтөрдүн“ акчасы менен „Камбар-Ата-1“ эле эмес, былтыртан бери майда-чүйдө долбоорлорду ишке ашырып келе жатабыз. Мурда бизде „Кумтөргө“ окшогон чоң кошумча киреше булагыбыз болгон эмес. Эми Кудай буюруп ушул ГЭС курулуп бүтүп калса, экинчи „Кумтөр“ болот», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Ошондой эле Садыр Жапаров Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу тууралуу пландар жөнүндө айтып берди.

Азыр технка-экономикалык негиздемеси иштелип чыгып жатат. Быйыл күзгө чейин бүтүп калса, эмдиги жылы бул жол да башталат. Эгерде үч мамлекет катышып, тынымсыз иштесе, бул жол дагы үч-төрт жылда бүтүп калат. Бул дагы ушул «Камбар-Ата-1», «Кумтөр» экөө бере турган кирешеден кем эмес киреше табат, 200 млн АКШ долларынан кем эмес киреше берет.

Мамлекет башчысы ошентип биринчи чоң долбоор катары «Кумтөр» экинчи чоң долбоорду алдыга сүрөп кетип бара жатканын баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров жергиликтүү тургундардын турак жай курууга жер тилкелерин трансформациялоо, жолдорго асфальт төшөө, сугат жана ичүүчү суу менен камсыз кылуу, суу сактагыч баскан жерлерге компенсация төлөп берүү, бала бакча, мектептерди куруу сындуу элдин бүйүрүн кызыткан суроолорго жооп берди.

Президент Садыр Жапаров бир дагы маселе көңүл сыртында калбай турганын баса белгиледи.
Тиешелүү мамлекеттик органдарга райондун тургундары тарабынан көтөрүлгөн маселелерди чечүү тапшырмасы берилди.

Мамлекет башчынын Токтогул районунун жашоочулары менен жолугушуусуна Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү жана башкалар катышты.

Количество просмотров: 131