• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Садыр Жапаров Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү

14 Жетинин айы 2020 14:29 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки өлкөнүн эки жана көп тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Садыр Жапаров коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөштө Кыргыз Республикасына көрсөткөн колдоосу үчүн Өзбекстан башчысына өзгөчө ыраазычылыгын билдирди.

Кыргызстан үчүн оор мезгилде өзбек тарап дары-дармек, жеке коргонуучу каражаттар, медициналык жабдыктар жана азык-түлүк түрүндөгү гуманитардык жардам жибергенин белгилеп өттү.

Жыйынтыгында Президенттин м. а. Садыр Жапаров кыргыз тарап Өзбекстан менен стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да бекемдеп, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө даяр экендигин баса белгиледи.

Количество просмотров: 209