• Дүйшөмбү 27 Аяк оона 2021

Садыр Жапаров Өзбекстандын президентин туулган күнү менен куттуктады

24 июля 2021 в 16:33 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 24-июлда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын Президентин туулган күнү менен куттуктап, ага күч-кубат, ошондой эле Өзбекстанды өнүктүрүүгө багытталган иштерине ийгиликтерди каалады.

Мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёевдин жетекчилиги алдында Өзбекстан Республикасында калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга жана жогорку темптеги экономикалык өсүштү камсыз кылууга багытталган маанилүү өзгөрүүлөр болуп жаткандыгын баса белгиледи.

Садыр Жапаров боордош Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташтык потенциалы жогору экенин канааттануу менен белгилеп, мындан ары эки тараптуу байланыштын бардык комплексин өркүндөтүү максатында, Мамлекет башчысы Президент Шавкат Мирзиёевди ага ыңгайлуу болгон учурда Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапар менен келип кетүүгө чакырды

Количество просмотров: 243