Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон жарлыктарга ылайык, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү атайын жана ыйгарым укуктуу элчилери менен башкы консулдары дайындалды. Мамлекет башчысынын жарлыктарына ылайык: — Базарбаев Таалай Чолпонбекович Кыргыз Республикасынын Италия Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси жана Кыргыз Республикасынын Бириккен улуттар уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмундагы, Бириккен улуттар уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасындагы жана Айыл чарбаны өнүктүрүү эл аралык фондундагы туруктуу өкүлү болуп дайындалды; — Карагулов Азамат Омарбаевич Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды; — Султанов Талант Кушчубаевич Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды; — Арипов Назарали Турдалиевич Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы (Казакстан Республикасы) Башкы консулу болуп дайындалды; — Сыдыкова Лира Эсенгуловна Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы (Түркия Республикасы) Башкы консулу болуп дайындалды. Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына ылайык: — Мукашев Данияр Муратбекович Кыргыз Республикасынын Италия Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду; — Алымкулов Алисбек Төлбашиевич Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы (Казакстан Республикасы) Башкы консулу кызматынан бошотулду; — Абдрахманов Нурлан Асейинович Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы (Түркия Республикасы) Башкы консулу кызматынан бошотулду. |