• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Садыр Жапаров жана Рустам Минниханов «Рух-Ордо» маданий борборуна барышты

5 Кулжа 202516:02 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров менен Россиянын Татарстан Республикасынын башчысы Рустам Минниханов бүгүн, 5-июнда Чолпон-Ата шаарындагы «Рух-Ордо» маданий борборуна барышты.

Садыр Жапаров менен Рустам Минниханов Кыргызстандын бай тарыхый-маданий мурасын чагылдырган маданий борбордун экспозициясы, ошондой эле комплекстин архитектуралык объектилери менен таанышты.

Иш сапардын жүрүшүндө ардактуу коноктор Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан кыргыздын элдик музыкалык аспабы – комуздун формасындагы уникалдуу пирсти да көрүп чыгышты.

Количество просмотров: 160