• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Садыр Жапаровду Душанбеде кандай тосуп алышты? (сүрөт)

14 Аяк оона 2023 13:02 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-сентябрда, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен Душанбе шаарына Борбор Азия мамлекет башчыларынын Бешинчи Консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматтта айтылгандай, мамлекет башчынын учагы Душанбе шаарынын эл аралык аэропортуна конду. Президент Садыр Жапаровду Тажикстандын Премьер-министри Кохир Расулзода тосуп алды.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:

  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев;
  • Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
  • Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрлан Абдылдаев;
  • Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев.
Количество просмотров: 3121