• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Садыр Жапаровду Таласта тургундар митинг менен тосуп алышты

17 Жалган куран 2021 17:57 Бишкек Govori.TV

Таласта 17-мартта Бекмолдо айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Ой айылынын жүздөй тургуну президент Садыр Жапаров өтө турган Суусамыр-Талас-Тараз жолунун жээгине, Жерүй кенине кеткен бурулушка чогулду. Бул тууралуу Азаттык жазып чыкты.

Алар Жерүй кенин иштетүүдөн жакын жайгашкан айылдардын тургундары жапа чеккенин айтышып, түшкөн пайданын бир бөлүгүн бөлүп берүүнү талап кылышууда.

«Азаттыктын» аймактагы кабарчысынын айтымында, чогулгандар Жерүй кенин иштетүүгө байланыштуу эки тараптуу келишим, экологиялык абал жана тараптардын жоопкерчилиги боюнча бир нече талаптарды айтып жатышат.

Буга чейин топтолгон эл менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү сүйлөшкөн. Алар менен президент Садыр Жапаров жолугушуп, талаптарын укканы кабарланды.

Элдин суроолоруна жооп берип, нааразы тараптан үч адамды Жерүйгө алып кеткенин «Азаттыкка» жергиликтүү журналист Азамат Каработоев билдирди.

Жапаровдун катышуусунда бүгүн, 17-мартта Жерүй кениндеги алтын иштетүүчү фабрика ачылмак.

Президенттин басма сөз кызматы буга чейин ачылышка Орусиянын президенти Владимир Путин телекөпүрө форматында онлайн катышарын билдирген.

Таластагы Жерүй алтын кени 1969-жылы чалгындалган. Көлөмү боюнча Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки орунда турат. Геологиялык баштапкы иликтөөлөргө ылайык кенде 84 тонна алтын, 10 тоннадан ашуун күмүштүн запасы бар.

2015-жылы кен иштетүү укугу аукциондун негизинде 100 миллион долларга сатылган. Аны орусиялык «Орус платинасы» компаниясына таандык «Восток геолдобыча» ишканасына алган. Анын карамагында «Алтын альянс» ишканасы түзүлгөн.

Количество просмотров: 2551