Президент Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга жакында болгон расмий сапарынан 2 күн өтпөй, Кыргызстанга Түркмөнстандан жүк келди. Жапаровдун иш сапарында эки өлкөнүн ишкерлери ортосунда 21 миллион доллардан ашык каражатка жашылча-жемиш, сантехникалык буюм жана азык-түлүк жеткирүү боюнча келишим түзүлгөнү кабарланган. Президенттин иш сапарынан кийин өлкөгө жардам катары келген помидорлор интернет колдонуучуларынын арасында кызуу талкуу жаратууда.






