• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Садыр Жапаровдун инаугурациясына эл чогулууда

28 Үчтүн айы 2021 9:44 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 28-январда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында президент болуп шайланган Садыр Жапаровдун инаугурациясы өтөт. Ант берүү аземи аяктагандан кийин Жапаров кызматына расмий киришет.

Президенттин маалымат кызматы кабарлагандай, филармонияда ант берүү аземи болжол менен 30-40 мүнөткө созулушу ыктымал. Иш-чара 11:00дө башталат.

Аземге катардагы жарандар, коомдук ишмерлер, чыгармачыл жана интеллигенция өкүлдөрүнөн, жергиликтүү жана чет элдик маалымат каражаттарынын жетекчилеринен турган 1000ден ашык мейман чакырылган.

Количество просмотров: 472