Бишкек.30.04.2019.Govori.TV.
Камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун ишин кайра кароо Жогорку сотто бүгун, 30-апрелде уланат. Бул тууралуу саясатчынын адвокаты Шарабидин Токтосунов билдирди.
23-апрелде адвокаттар отурумга төрагалык кылган Жогорку соттун судьясы Лепес Темирбековго ишенбөөчүлүк көрсөтүшкөн. Муну алар «өткөн процессте да ишти ушул судья карап, акыйкатсыз чечим чыгарган» деп түшүндүрүшкөн.
Мындан кийин соттук коллегия процессти бир аптага кийин калтырып, башка судьяга ишти изилдөөгө убакыт керек боло турганын билдирген. Токтосунов белгилегендей, аларга соттук коллегиянын жаңы курамы тууралуу маалымат берилген жок, бүгүнкү отурумда маалым болот.